Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Саламаттык сактоо тармагына 10,6 млрд сом бөлүндү
25.06.2023 | 14:30
Быйыл январь-май айларында саламаттык сактоо тармагына бюджеттен 10,6 млрд. сом бөлүндү. Тактап айтканда, бул көрсөткүч жылдык пландын 36,9%ын түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүсү жылдык планга карата 1,7 млрд. сомду же 36,0%ды түздү, анын ичинде:
- эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө – 440 млн сом;
- гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө – 67,4 млн сом;
- дары-дармектерди сатып алууга – 674,5 млн сом;
- азык-түлүк сатып алууга – 17 млн сом сарпталды;
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 8,5 млрд. сом бөлүнду же 36,5%ын түздү, анын ичинде камсыздоо боюнча гемодиализ кызматтарына 883,5 млн. сом жумшалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика