Нарында «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы өтөт

Нарында «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы өтөт

Ушул жылдын 28-29-июнь күндөрү Нарында «Кыргыз шырдагы» эл аралык XIII фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги «As A Nomad» этнокомплексинде болот. Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн «Салкын-Төр» эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат.

Ал эми 29-июнь күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция өткөрүлөт.

Учурда президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова жетектеген уюштуруучу топ фестивалга даярдык иштерин жүргүзүп жатат.

Фестивалдын максаты элдик салттуу маданий кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, кол өнөрчүлүк чакан бизнестеринин ортосундагы соода-экономикалык карым-катнашка көмөктөшүү, туристтерди тартуу болуп саналат.

Фестивалга республиканын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чет өлкөдөн жана облустардан келген коноктор жана Нарын облусунун тургундары катышат.

Иш-чаранын алкагында «Кыргыз шырдак», «Мурас шырдак» кароо-сынактары, көргөзмө-жарманкелер, илимий-практикалык конференция, «Устат-шакирт» мастер-класстары, «Жаш уздарды тандоо» сынагы, улуттук тамак-аш көргөзмөсү, улуттук оюндар, туристтик аймактарга экскурсиялар, чоң программадагы концерттик программа камтылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>