Акын Гүлжамила Шакирова дүйнөдөн кайтты

Акын Гүлжамила Шакирова дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын Кыргыз Радиосунун баяндамачысы, акын, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Гүлжамила Шакирова 68 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен кабарлашты.

Гүлжамила Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында 1955-жылы 28-декабрда туулган.  Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне тил» гезитинде кабарчы, 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосунда адабий редакцияда «Нуска», “Бейпил түн”, “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Илгеркиден икая”, “Мен кыргызмын”, “Бейне” аттуу программаларды даярдап эфирге чыгарган.

Гүлжамила Шакирова уктурууларды даярдоодогу артыкчылыгы үчүн УКТРнын “Мыкты журналисти”диплому, 1996-жылы “КТРдин отличниги” төш белгиси менен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Комитетинин 70 жылдык салтанатында «Ата-Журтка ак кызмат» аттуу ыры Гимн катары кабыл алынып, Президенттин Коопсуздук Комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланса, кийин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына ыйгарылган.

Гүлжамила Шакированын 30дан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз радиосунун алтын казынасына алынган.

​Акын, мыкты радиожурналист Гүлжамила Шакированын ырлары, публицистикалык эмгектери, көркөм ой толгоолору көптөгөн угармандарга тарбия-таалим болуп, эстетикалык ырахат тартуулаган.

Гүлжамила Шакирова өз улутун, эли-жерин сүйгөн мекенчилдиги, чечкиндүүлүгү, чынчылдыгы менен замандаштарынын, ошондой эле, Кыргыз радиосунун тегирменинде айланып, кыргыздын уюткулуу эл экенин, мурас-дөөлөттөрүнүн баалуулугун, нарк-насилин жар салган мыкты радиоуктурууларды даярдаганы менен элдин эсинде калды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>