Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Салянова: Менин камалышымдын башкы себеби – коррупцияга катышпагандыгым
16.08.2019 | 09:49
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу камакка алынып, кайра үй камагына чыккан Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.
Анда ал камалышынын негизги себебин эч качан коррупцияга катышпаганы менен байланыштырган.
“Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар – мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшунүү менен мамиле кылды”, – деп жазган.
Ошондой эле ал колдоо көрсөткөн баардык тарапташтарына терең ыраазычылыгын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат