Шубинкадагы чыр. Маданият министрлиги ведомстволор аралык комиссия түзөтБишкекте Балдар майрамында адепсиз ыр жаңырган. Мэриянын бир нече кызматкери жазаландыСтартаптарды венчурдук каржылоо үчүн укуктук база түзүлөт. Депутат тобокелчиликтер тууралуу эскерттиБишкекте баңгизат саткан Telegram-дүкөн жок кылынды, өспүрүмдөр кармалды — видеоКурулуш компаниялары эми курулган имараттардын айланасын да көрктөндүрүүгө милдеттүүКыргыз бийлиги унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатуу баасын бир айга арзандатууну көздөп жатат
Салянова: Менин камалышымдын башкы себеби – коррупцияга катышпагандыгым
16.08.2019 | 09:49
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу камакка алынып, кайра үй камагына чыккан Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.
Анда ал камалышынын негизги себебин эч качан коррупцияга катышпаганы менен байланыштырган.
“Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар – мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшунүү менен мамиле кылды”, – деп жазган.
Ошондой эле ал колдоо көрсөткөн баардык тарапташтарына терең ыраазычылыгын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат