Мамлекеттик салык кызматы январь-июнь айларында 23 млрд 828,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, план 2,5%га же 588,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 979,1 млн сомго көп чогултулду.