Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Салык кызматы банктардан жарандар боюнча маалымат алуу шарттарын түшүндүрдү
07.07.2025 | 09:00
Кыргыз Республикасынын Салык кызматы банктар кайсы шартта жарандар тууралуу маалыматтарды бере аларын түшүндүрдү:
– Юридикалык жактардын жана ишкерлердин эсептери менен операциялары боюнча маалыматтар салыктык текшерүү учурунда гана суралат;
– Жөнөкөй жарандарга (ишкердиги жоктор) байланышкан маалыматтар соттун чечими менен гана алынат;
– Банктар салык төлөөдөн качууну алдын алуу максатында электрондук акча, QR код, POS терминал жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча маалыматтарды Салык кызматына беришет;
– Эгерде жарандардын жеке операциялары ишкердик ишмердикке тиешеси жок болсо, Салык кызматы аларга көзөмөл жүргүзбөйт.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Салык кызматкери