Салык кызматы быйыл он айда 237 млрд 158 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Былтыркы жылдын он айына караганда акча 37 млрд 219,4 млн сомго көп чогулган.
Жыйналган акчанын 176 млрд 893,3 млн сому салык жана төлөмдөр, ал эми 60 млрд 264,6 млн сому камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат.