Мамлекеттик салык кызматынын, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызмат адамдары контрабандалык товарларды мыйзамдаштыруу үчүн коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, «толкачтар» деп аталган ишкерлер аталган мамлекеттик мекмелердин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген контрабандалык товарларды мыйзамдаштыруу боюнча канал уюштургандыгы аныкталган.
Кылмыштуу топ өлкөгө импорттолгон экзотикалык жемиштерди: памела, манго, маракуя, көк карагат, апельсинди каттоо учурунда тиешелүү документтерин жасалмалап, товардык аттарын өзгөртүп, аларды жөнөкөй алма катары көрсөтүшкөн.
Ошондой эле Чүй облусунда жайгашкан «Ак-Тилек» көзөмөл пунктунда товарлардын көлөмүн азайтуу менен алектенишкен. Андан соң, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу деп көрсөтүү максатында кызмат адамдары менен биргеликте жүк түшүрүүчү жайга барышып, товарлардын импорттук документтерге туура келүүсү үчүн жасалма текшерүү актыларын түзүшкөн.
Бул үчүн аталган кызмат адамдары акча алышып, андан соң контрабандалык товарларды мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү актыларды түзүшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында, 28-мартта Мамлекеттик салык кызматынын «А.Т.», «К.А.», «Н.Б.», «А.А.» аттуу кызматкерлери жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкери «А.Ч.» жана «А.Б.» кармалышкан. Алар соттун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилген.