Кыргызстандан Россияга ташылып бараткан 42 тонна дарбыз өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Иртыш жолунун 464-чакырымында казак-орус чек арасындагы «Петухово» көзөмөл өткөрмө бекетинин жанында аталган кызматтын кызматкерлери менен чек арачылар Кыргызстандан Москва облусуна бараткан эки жүк ташуучу унааны текшерүүгө алган. Унааларды текшерүү учурунда дарбыздар алдына саман төшөлүп ташылып келгени аныкталган.
Фитосанитардык көзөмөл кызматы билдиргендей, саман да өсүмдүк деп эсептелгени менен ал үчүн фитосанитардык сертификат болгон эмес. Мыйзамдын талаптары бузулгандыктан, 42 тонна дарбыз жүктөгөн эки унаа артка кайтарылган. Ошондой эле жүк ташып келе жаткан Кыргызстандын жарандары Н. Мануров менен К. Нарматовго Административдик тартип бузуулар кодексинин 10.2-беренеси боюнча иш козголгон. Бул берене боюнча жарандарга 300дон 500 рублга чейинки айып пул каралган.