Кара-Балта суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоого муктаж – депутат«Росатом» жана Кыргызстандын ӨКМи «Кристалл» заводундагы кооптуу калдыктарды жок кылууга киришетБишкекте соттук эксперттерди даярдоо жана алардын жетишсиздиги талкууландыКыргызстандын аэропорттору өз эшигин эл аралык фаст-фуд түйүндөрү үчүн ачуудаСоода-экономикалык кызматташуу, виза маселеси: Кыргызстан менен АКШнын ортосунда саясий консультациялар өттүБишкек – Ош унаа жолуна жаңы тоннель курулат
Акжол Махмудов Олимпиаданын колосу үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды
06.08.2024 | 22:49
Грек-рим балбаны Акжол Махмудов (77 кг) Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Махмудов бүгүн, 6-августта килемге чыгып, 1/8 финалдагы биринчи кармашында америкалык Камал Бейди 4:1 эсебинде уткан. Бирок чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде женилген.
Жарым финалга өткөн Демеу Жадраев азербайжандык Санан Сулаймановду жеңип, алтын үчүн күрөшө турган болду. Ал эми Акжол Махмудов көңүл жубатуучу беттешке чыгып, андан ары коло үчүн ат салышууга мүмкүндүк алды.
Махмудов көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Куэро Муноз менен күч сынашат. Эгер колумбиялык спортчуну утса, коло үчүн күрөшөт. Үчүнчү орун үчүн беттеште атаандашы Санан Сулайманов болот.