Самаркандда көчөдө жылаңач баскандар 15 суткага камакка алынды

Самаркандда көчөдө жылаңач баскандар 15 суткага камакка алынды

Самаркандда шаардын борборунда жылаңач баскан эки киши 15 суткага, аларды коштоп жүргөн адам 10 суткага камалды. Бул тууралуу Самарканд облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Самарканд шаардык административдик сотунун чечимине ылайык, майда бейбаштык айыбы менен эки адам 15 күнгө, бирөө 10 күнгө административдик камакка алынды.

29-февралда түнкү саат 11лерде Самарканд шаарынын борбордук көчөсүндө эки адам жылаңач басып жүргөнү кабарланган. Алардын жанында унаа айдаган дагы бир киши коштоп жүргөн. Сурак маалында алар мас болгондуктарын айтышкан.

Алар ошол эле күнү милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>