«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басары дайындалды
06.07.2022 | 13:10
Айдарбек Мамбеткадыров санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин Мамбеткадыров санариптик өнүктүрүү министринин кеңешчиси кызматын аркалап келген.
Ошондой эле, Жогорку соттун аппаратында, Конституциялык сотто, Бишкек шаарынын мэриясында, Жогорку Кеңештин аппаратында жана өкмөттүн аппаратында эмгектенген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом