Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза тапты
Сардарбек Жумалиев II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды
31.12.2021 | 10:45
Композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру Сардарбек Жумалиев менен скульптор Виктор Шестопал II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
“Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар