Ошто жасалма акциздик марка чапталган алкоголсуз суусундуктар аныкталдыКыяз Ниязов Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү тууралуу: «Башкы беттеш — Казакстан менен болот»«Көчмөндөр айылында» мыкты боз үй тандалатКараколдо турист такси айдоочусуна даттанды: айдоочуга 7,5 миң сом айып салындыИнвесторлорго жер 50 жылга чейин берилеби? Мыйзам долбоору эмнени өзгөртөтБишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу аяктады
Сардарбек Жумалиев II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды
31.12.2021 | 10:45
Композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру Сардарбек Жумалиев менен скульптор Виктор Шестопал II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
“Манас” ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар