Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Саркофагдын айнектери сынган. “Ата-Бейит” музейи кейиштүү абалда
19.10.2023 | 12:18
“Ата-Бейит” мемориалдык комплекси кейиштүү абалда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Анын айтымында, комплекстеги музей ремонтко муктаж.
“Ремонтко акча бөлүнбөйт экен. Музейде кызматкерлер, тарыхчылар жок. “Ата-Бейит” эскирип, реновацияга муктаж. Сөөктөр табылган жерде саркофагдардын айнектери сынып, тобокелдүү абал түзүлүптүр”, – деп маалымдады Чыңгыз Айдарбеков.
Депутат эмки жылы Кыргызстан заманбап мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгын белгилерин эскертип өттү. Ага карата өлкөнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсандардын сөөгү коюлган жерге көңүл бөлүп коюуну сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом