Европадай айлык жок. Депутат жол киренин 20 сом болушуна каршы (видео)

Европадай айлык жок. Депутат жол киренин 20 сом болушуна каршы (видео)

Бишкек мэриясы электр жана газ менен жүрүүчү автобустарды коомдук транспорттун чыгымын азайтып, жол кирени көтөрбөө үчүн сатып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Ал Бишкек мэриясына Европадагы жол кирени мисал келтирүүдөн мурда Кыргызстан менен Батыш мамлекеттеринин орточо айлык акысын салыштырып көрүүнү сунуштады.

“Мэрия дагы жол кирени көтөрүүгө катуу киришип жатат. Алардын  Европа мамлекеттериндеги коомдук транспортко акыны мисал келтирүүдө. Европада орточо айлык 250 миң сом, бизде 20 миң -25 миң сом. Кантип алар менен салыштырып жатат? Ушу жол кирени көтөрбөө үчүн электр жана газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алып, маселе биротоло жабылсын деген элек. Канча мектеп окуучусу бар, элге кыйын болот”, — деди Марлен Маматалиев.

Депутат Министрлер кабинетине Бишкектеги коомдук транспортко жол кире акысы боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. “Мэриянын айтканы менен эмес, реалдуу фактылар менен гана кымбаттатууга болот”, — дейт ал.

Бишкекте жол кире баасын 20 сомго чейин көтөрүү сунушталууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>