Президент 10-20 жылда Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөрүн айтты

Президент 10-20 жылда Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөрүн айтты

Бүгүн, 19-октябрда Бишкекте Кумтөр алтын кенинин иштетиле баштаганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров Кыргызстан 10-20 жылды таанылгыс болуп өзгөрө турганын билдирди.

Анын айтымында, ал “Кумтөр” кенине мындан туура 21 жыл мурун, 2002-жылы биринчи жолу барып, Кыргызстандын ири кениндеги иштин жайын байкап, каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздаган.

“Ошол күн, ошол убакыттан тарта “Кумтөр” үчүн, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы үчүн улуу күрөшүм башталган. Ошондон тартып, башкы мүдөөм, максатым — элдин байлыгын элге кайтарып берүү болуп, оомал-төкмөл саясатка башымды сайып, кандай оор, кандай кыйын күндөр өтсө дагы, андан баш тартпай, көп жылдык өмүрүм өттү десем болот”, — деди ал.

Ал айткандай, 2005-жылы биринчи жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенинде көтөргөн алгачкы маселеси дагы “Кумтөр” көйгөйү болгон.

“2010-жылдан кийинки депутаттык ишмердүүлүгүмдө да “Кумтөр” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы катары кенди мамлекеттин ээлигине алууга катуу аракет кылдык. Ошол учурда өлкө тагдырын, өлкө экономикасын жаңы нукка бурууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле. 

Тилекке каршы, ошол кездеги бийлик өлкө келечегине эмес, жеке келечегине кам көрүп, алтын мафиясынын сөзүн сүйлөп туруп алды.  “Кумтөр”, жок дегенде, ошол 2012-жылы эле мамлекетке өтүп калганда, экономикалык абалыбыз азыр алда канча жакшырып, бакубатчылыгыбыз мындан да кыйла артып калмак.

Бирок “эч болгуча, кеч болсун” демекчи, акыры “Кумтөр” элге кайтарылды, мамлекеттин ээлигине өттү. Айрым саясатчылар үмүтүн үзүп, ишенгиси келбей, куру кыял, деп кол шилтеп келген бул иш – бүгүнкүнүн чындыгына айланды. Калың элдин акыйкат койгон талабын орундатып, тарыхый адилеттүүлүктү орното алдык”, — деп билдирди Жапаров.

Жапаров билдиргендей, «Кумтөрдүн» улутташтырылышы менен Кыргызстанда саясий коррупциянын демонтажы башталды.

“Мурда саналуу чиновниктер өздөрүнүн тар кызыкчылыгы үчүн «Кумтөрдүн» жетекчилигин канатына калкалап, натыйжада, коррупциялык система түзүлүп калган эле. 

Кыргызстандын түбүнө жеткени калган ал системага бийликтин бутактары, өкмөттүк структуралар да аралашып алган болчу. Азыр анын баары жоюлуп, Кыргызстан оңолуунун жана коррупциядан арылуунун жолунда!

Элден айланса болот, калың элдин колдоосу, зор ишеними жана командабыздын талыкпаган эмгегинин аркасында улуттук байлыгыбыз – “Кумтөр” бүгүн мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат”, — дейт ал.

Жапаровдун сөзү боюнча, 2022-жылдын жыйынтыгы менен кенде 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, 32,2 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр төлөнгөн. Таза киреше 371 млн долларды түзгөн.

“Эми мындан ары “Кумтөр” эле эмес, Кыргызстандагы баардык кендерди мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн өзүбүз иштетебиз. Албетте, алардан түшкөн кирешелер дагы жалпы элдин керегине, муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорго жумшалат”, — деди ал.

Ал билдиргендей, Кыргызстан 10-20 жылда таанылгыс болуп өзгөрөт.

“Буюрса, “Кумтөрдүн” келечеги алдыда! Себеби, биздин философия жөнөкөй: Кудайдын буйругу, эл-журттун эрки менен бийликте тургандан кийин эл үчүн жан үрөп кызмат өтөө!

Компаниянын 40, 50 жылдык мааракелеринде Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт деген ишенич зор. Анткени биз “Кумтөр” сыяктуу эл байлыгын элге иштетип, коррупцияга, криминалга чечкиндүү сокку уруп, көмүскөгө айланган баардык каржыларды ачыкка чыгарып жатабыз. Жыйынтыктарын көрүп жатасыздар

Айлык акы, жөлөк пулдар эселеп көбөйдү. Өз каражатыбызга кубаттуу, заманбап аскердик техниканы сатып алып, өлкөбүздүн коопсуздугу бекемделди. Жаңы мектептер, бала-бакча, жолдор салынууда. 

Бул алгачкы эле мезгилдеги жыйынтыктар. Кийинки жылдардагы ийгиликтерибиз мындан да артып, таштаган кадамдарыбыз мындан дагы ишенимдүүрөөк болот”, — дейт Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>