Азия кубогу сыяктуу эл аралык турнирлерде оңой оюндар болбойт. Бул тууралуу Сауд Арабиянын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Роберто Манчини Дохада өткөн бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, оюндун жүрүшү көп жолу өзгөрүп кетиши мүмкүн.
«Эгер сиз кечээки турнирдеги оюнду эстесеңиз, Ирак Японияны жеңет деп эч ким ойлогон эмес, бирок ошондой болду. Бул футбол. Биз Оманды жеңдик, бирок ал артта калды. Алдыдагы беттеш да татаал болот», — дейт ал.
Белгилей кетсек, бүгүн кечинде Доха шаарында Кыргызстан менен Сауд Арабия ойнойт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз