Полиция мигранттарды каздай бастырды. Арасында кыргыз жарандары бар

Полиция мигранттарды каздай бастырды. Арасында кыргыз жарандары бар

Екатеринбург шаарынын полициясы каздай кылып бастырган мигранттардын арасында кыргыз жарандары дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын укук коргоо органы үч курулуш объектисинде текшерүү жүргүзгөн.

Видеого тартылган курулушта 3 кыргыз жараны дагы түшкөн. Алар полицияга каршы арыз жазуудан баш тартышкан.

«Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жарандары качып, укук коргоо кызматкерлеринен жашынууга аракет кылышкан. Ушуга байланыштуу полиция качкан чет элдик жарандарды кармоо аракетин көргөн», — дейт ТИМ.

Министрликтин маалыматында, рейд учурунда 150 мигрант, анын ичинде Кыргызстандын 40 жаранынын документтери каралган. Кыргыз жарандары тарабынан миграциялык мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>