Таркович: Сауд Арабияны жеңебиз деп айта албайм

Таркович: Сауд Арабияны жеңебиз деп айта албайм

Кыргызстан Азиядагы эң мыкты командалардын бири менен беттешкени турабыз. Бул тууралуу курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович маалымат жыйында билдирди.

Ал кыргыз футболчулары Таиландка утулгандан кийин, кемчиликтерди жоюп, күрөшкө даяр экенин белгилейт.

«Эгерде Сауд Арабиясы өз убагында аргентиналыктарды жеңе алса, биз дагы Сауд Арабияны утуп алууга аракет кыла алабыз. Биз үмүтүбүздү үзгөн жокпуз, күрөшүүгө даярбыз, аны оюн талаасында далилдешибиз керек», — дейт Таркович.

Машыктыруучунун айтымында, Кыргызстан алдыдагы оюнда коргонууну катуу кармоого даярданууда. Ошол эле учурда чабуул жасоо аракетин дагы көрөт.

«Алдыдагы оюнда тең салмактуулукту табышыбыз керек. Жеңебиз деп айта албайм. Оңой оюн болбойт! Бирок футболдо баардык нерселер болот», — деди Таркович.

Азия кубогунун алкагында Сауд Арабия менен бүгүнкү беттешке Алимардон Шукуров катышпайт.

«Шукуров жекече машыгып жатат. Биз аны калыпка келтирүү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бирок, ал Сауд Арабияга каршы оюнда бизге жардам берүүгө даяр эмес», — дейт машыктыруучу.

Кураманын дагы бир оюнчусу Валерий Кичин учурда Орусиянын «Эне-Сай» тобу менен бирге Түркияга машыгууга жөнөп кеткени белгилүү болду. Буга чейин Футбол биримдиги «Ак шумкардын» капитаны жаракаттан улам Азия кубогуна катыша албастыгын кабарлаган.

«Валерий 9-январда текшерүүдөн өткөн, анын жыйынтыгында ал машыгууну баштоого даяр экендиги белгилүү болду. Биз болсо 2-январда команданын акыркы оюнчулар тизмесин берүүгө аргасыз болчубуз. Менин оюм боюнча, бир айлык даярдыкты өткөрүп жиберген бир дагы оюнчу командага жардамын тийгизе албайт», — дейт Таркович.

Сауд Арабия менен беттеш эртең 21-январда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>