Сауд Арабиясы кичи ажылыкка бара тургандар үчүн ПЧР-тест талабын жойду

11.03.2022 | 16:43

Сауд Арабиясы кичи ажылыкка барууну пландаган зыяратчыларга ПЧР-тестирлөөсүз өлкөгө кирүүгө уруксат берди.

Бул тууралуу Өзбекстан өкмөтүнүн Дин иштери боюнча комитетинин Telegram-каналы билдирди.

Комитет Сауд Арабияга бара турган зыяратчыларды падышачылыкта каттоодон өткөн препараттар – Pfizer / Bihortech, Oxford-Astrazeneca, Moderna же Johnson&Johnson менен толук эмделүүгө чакырды.

Scroll to Top