Сауд өнүктүрүү фонду Чүй менен Бишкекке мектептерди салуу үчүн кредит берет

10.10.2025 | 09:51

9-октябрда каржы министри Алмаз Бакетаев Сауд Өнүктүрүү фондунун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле каржы министринин орун басарлары, Сауд Өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, Кыргызстандын Курулуш министрлигинин өкүлдөрү жана Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси катышкан.

Жолугушууда Кыргызстан менен Сауд Өнүктүрүү фондунун ортосунда «Мамлекеттик мектептерди куруу (2 фаза)» долбоору боюнча 50,0 млн доллар өлчөмүндө кредиттик келишимге кол коюлган.          

Бул каражатка Бишкек шаарына 5 жаңы мектеп жана 7 кошумча окуу корпусун, ал эми Чүй облусунда 2 мектеп куруу пландалууда. Окуу имараттары 150дөн 1000 окуучуга чейин ылайыкталат.

Мындан тышкары, тараптар туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган жаңы демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу багытындагы келечектүү кызматташтуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга көңүл бурушкан.

Scroll to Top