АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Коргоо министрлигинде кадрдык өзгөртүүлөр болду
10.10.2025 | 10:00

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык, Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор жана кызматтан бошотуулар болду.
- Азизбек Байбалаев Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары болуп дайындалды.
- Алмазбек Кулмурзаев ошондой эле коргоо министринин орун басары кызматын ээледи.
- Тариэль Отонбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Ошол эле учурда, Эрлис Тердикбаев өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Бул чечимдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө, 71-беренесине жана президенттин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 364 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө” Жарлыгына ылайык кабыл алынды.