Саясат таануучу Бактыбек Жумагулов 10-июнга чейин СИЗОго камалды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 7-апрелде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү – тергөө тобунун жетекчисинин саясат таануучу Бактыбек Жумагуловду 2026-жылдын 10-июнуна чейин камакта калтыруу боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Маалыматты Reporter.kg’ге райондук соттон тастыкташты.
«КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36-беренеси жана 326-беренеси боюнча айыпталуучу Ж.Б.Сга карата колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2026-жылдын 10-июнуна чейин ЖАМКтын (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын) №21 мекемесинде (СИЗО-1) камоо менен узартылды», — деп айтылат соттун токтомунда.
КР КЖКнын 326-беренеси: «Бийликти күч менен басып алуу». Бул берене боюнча жаза — мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу.
КР КЖКнын 41-беренеси «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү», 2-бөлүк: «Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган, ошого тете уюшкан топту, кылмыштуу шериктештикти түзгөн же аларга жетекчилик кылган адам уюштуруучу деп таанылат».
КР КЖКнын 36-беренеси: «Кылмышка даярдануу».