Саясатчы Камчыбек Ташиев тун неберелүү болду — фото

Саясатчы Камчыбек Ташиев тун неберелүү болду — фото

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев тун неберелүү болду. Бул тууралуу саясатчынын келини модель Эркайым Абдуллаева инстаграмдагы баракчасына «Кош келдиң уулум» деген билдирүүсүн жазып, катталуучуларына сүйүнчүлөдү.

Наристе саат 04:45те, бою 53 сантиметр жана 2 килограмм 920 грамм салмакта төрөлгөн.

Саясатчынын уулу Таймурас Ташиев былтыр 30-октябрда модель Эркайым Абдуллаева аттуу кызга баш бошкон.

Белгилей кетсек, саясатчынын улуу баласы Таймурас Ташиев 6-октябрда сүйүктүүсүнө кыргыздын каада-салты менен сөйкө салып кеткен. Андан соң Бишкектеги тойканалардын биринде эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою болгон.

Эркайым Абдуллаева «Миллиондук мелдеш 2» тасмасына жана бир катар клиптерге тартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>