Сегизбаев: Бакиевдин бөлтүрүктөрү минте берсеңер апрель окуясы кайталанат — видео

Сегизбаев: Бакиевдин бөлтүрүктөрү минте берсеңер апрель окуясы кайталанат — видео

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараевдин камакка алынышы тууралуу үн катты. Ал аталган ишти саясий атап, Чоткараевди президенттик шайлоодо аны колдоп штабына жардамдашып жатканы үчүн иш козгоп камакка алды деген пикирин айткан.

Ошондой эле УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеп жаткандарды «Жаныш Бакиевдин бөлтүрүктөрү» атап, алар мындай аракетин уланта берсе апрель окуясы кайталанат деген оюн айткан.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-декабрда УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө аяктаганча камакта калтырууну чечим кылганы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>