Семенов чокусунан 10 күндөн бери чет элдик жаран изделүүдө
“Семёнов — Тянь-Шань” чокусунан 10дөн бери дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
“Хижина Рацекадагы” куткаруу топтун маалыматына ылайык, 23-июлда саат 07:30да Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнү кароого “Эдельвейс” кошуунунан 8 куткаруучу чокусуна чыгып кетишкен.
Анын түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышты издөөдөн жыйынтык болгон жок.
Эске салсак, “Семёнов — Тянь-Шань” чокусуна 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө КДМБнын “Эдельвейс” тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз