Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду17-ноябрда интернеттин өчүшү жана эсептердин нөлдөнүшү: эксперт эмне дейт?Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери улануудаNvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг жаңжалдын фонунда кызматтан кеттиЧүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткана курулатБишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду
Жалал-Абадда жер титиреди
24.07.2023 | 09:00
Жалал-Абад облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 23-июлда саат 20:25те катталган.
Жер титирөө Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом