Сербияда массалык нааразычылык акциясы өттү

03.11.2025 | 11:16

1-ноябрда Сербияда 39 миң адам катышкан массалык нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ИИМине шилтеме берип, РБК жазды.

Маалыматка ылайык, бул акция Нови-Сад шаарында өтүп, былтыр, 2024-жылы, темир жол бекетиндеги бастырма кулап түшүп, 16 адам каза болгон кырсыктын бир жылдыгына арналган. Эл курман болгондорду эскерип, бийликке каршы нааразылыгын билдирүү үчүн көчөгө чыгышкан.

Катышуучулар бул кырсык боюнча бийликтин аракетсиздигине, коррупция жана реконструкция иштериндеги шалаакылыгына нааразычылыгын билдиришкен. Нааразы болгондор курулуш көзөмөлүн реформалоону талап кылышкан.

“13 айыпталуучуга каршы айып коюлганына карабастан, бир жыл ичинде тергөө дээрлик жылган жок. Каза болгондордун үй-бүлөлөрү бул окуянын «жашырылып жатканына» жана иликтөөгө саясий басым жасалып жатканына нааразы болушууда”,- деп айтылат маалыматта.

Сербиянын Ички иштер министрлиги бул акцияны катуу айыптады. Маалыматка ылайык, акциянын катышуучулары Пионерлер паркында өткөн коомдук жыйындын катышуучуларына ар кандай буюмдарды жана пиротехникалык каражаттарды ыргытып, кол салышкан. Сербиянын ИИМи “бул окуяларга жана коомдук жыйындын катышуучуларына кол салууга тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык чараларды көрөрүн” билдирди.

Scroll to Top