Депутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалдыКиберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?
Ошто күзгү үрөн себүү иштери башталды
03.11.2025 | 11:20

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Озгур айылында күзгү үрөн себүү иштерин баштап берди.
Ош шаардык мэриясы кабарлагандай, Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгынын үлүш жерлерине күздүк буудайдын үрөнү себилүүдө. Учурда 100 гектар аянтка үрөн себүү иштери жүрүп жатат. Жыл аягына чейин дагы кошумча 100 гектар жерге үрөн себилип, жалпысы 200 гектар айдоо аянты толугу менен камтылары күтүлүүдө.
Бул иштер шаар тургундарын жергиликтүү айыл чарба продукциясы менен камсыздоо жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө максатын көздөйт. Келечекте айдоо аянттарын көбөйтүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом