Бишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталдыТрамп көпүрөлөрдү талкалайм деп коркутуп, Ирандан тезинен келишим түзүүнү талап кылдыКыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алатБишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалды
Сербияда U-23 дүйнө чемпионаты башталат — кыргызстандык балбандар килемге чыгат
20.10.2025 | 14:41

Бүгүн, 20-октябрда Сербиянын Нови-Сад шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар (U-23) дүйнө чемпионаты башталат.
Турнирдин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 63 кг, 77 кг, 87 кг жана 130 кг салмак категорияларынын балбандары килемге чыгат.
Кыргызстандыктар:
- 63 кг — Куттубек Абдуразаков, биринчи беттеши: Хусниддин Олимбоев (Өзбекстан)
- 77 кг — Нурэл Дүйшөнбеков, биринчи беттеши: Александр Соловей (Молдова)
- 87 кг — Артыкбек Алымбек уулу, чейрек финалга чыгуу үчүн румын Патрик Гордан менен россиялык Заур Шангереевдин жеңүүчүсү менен беттешет
- 130 кг — Нурболот Токтогонов, биринчи беттеши: Аюму Ивасава (Япония)
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт