Дарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалдыКиберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте 21-октябрдан тарта № 6, 18, 23, 36 жана 169-автобустардын каттамы өзгөрөт
Түштүк аймактарда 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилет
20.10.2025 | 14:55

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 50 жаштан жогору жарандардын көзү текшерилет. Изилдөөнүн максаты — калк арасындагы көз ооруларынын себептерин аныктап, офтальмологиялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын баалоо.
Мурдагы — 2017 жана 2019-жылдардагы — изилдөөлөр көрсөткөндөй, көрүүнүн начарлашын 80%га чейин алдын алууга болот. Негизги себептер — катаракта, глаукома жана көзгө өз учурунда кам көрбөө.
Жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы көз ооруларын алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларды иштеп чыгууга негиз болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом