Шайлдабекова: Шаардык кеңештерге 146 партия коюлган чектен ашты

Шайлдабекова: Шаардык кеңештерге 146 партия коюлган чектен ашты

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 1 миллион 295 миң 943 адам катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Билдирүүгө ылайык, шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого 386 миң 365 жаран катышты, бул 36,82%ды түзөт (1 миллион 49 миң 441 шайлоочу). Ал эми айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоого 909 миң 578 жаран добуш беришкен, бул 40,09%ды түзөт (2 миллион 268 миң 689 шайлоочунн ичинен).

“Өлкө боюнча 2273 шайлоо тилкеси ачылган, анын ичинен шаардык кеңештерге – 598 тилке, айылдык кеңештерге – 1675 тилке. 28 шаардык кеңеште 796 мандат бар. Шаардык кеңештерге шайлоого 236 саясий партия катышып, анын ичинен 146 партиянын талапкерлери 7 пайыздык чектен өтө ашты”, — деди Шайлдабекова.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>