Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
Шайлоо-2021: Мыйзам бузуулар үчүн WhatsApp номер иштеп жатат
29.10.2021 | 10:20
Угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочуларды маалыматтык жактан камсыздоо максатында БШКнын CALL-борбору 0996-550-011255 whatsapp номери боюнча шайлоочулар менен видео байланышты иштете баштады. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби тууралуу актуалдуу маалымат алат, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү жөнүндө маалымат алып, өз маалыматтарын тактаса жана башка алса маалыматтарды алса болот.
0996-550-011255 WhatsApp номеринин иш графиги: саат 9.00дөн 13.00гө чейин.
Бүгүн, 29-октябрь күнү үгүт иштери башталды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат