Кыргыз калпагын шылдыңдаган орус футболчусу кечирим сурады

Кыргыз калпагын шылдыңдаган орус футболчусу кечирим сурады

Кыргыз калпагын тээп видео тарткан блогер, орус футболчусу Даниил Крапивников жалпы кыргыз элинен өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу кечирим сурады.

“Урматтуу кыргыз эли. Жийиркеничтүү ишим үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Сиздин улуттук баш кийимиңиз экенин билбегендиктен ушундай кадамга бардым.  Бирок, мен Кыргызстандын бардык тургундарын абдан сыйлайм. Чынында эмне кылганымды билгенден кийин, мен өзүмдүн иш-аракеттеримди айыптап, сиздин сезимдериңиз менен бөлүшөм. Бул эч качан кайталанбайт деп убада берем. Дагы бир жолу сиздерден чын жүрөктөн кечирим сурайм”- деп белгилейт кайрылуусунда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Krap (@krapivnikov11)

Буга чейин Даниил Крапивников өзүнүн инстаграмдагы баракчасына кыргыз калпагын маникенге кийгизип алып тепкен видеосу тарап, коомчулуктун тепкисине калган. Ал эми Крапивников ал видеосун өзүнүн баракчасынан өчүрүп салган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>