Бүгүн, 11-октябрь Бишкекте «Ынтымак» саясий партиясынын кезексиз съезди өттү. Бул тууралуу аталган партиянын «Фейсбуктагы» баракчасында маалымдалды.
Партия Кыргызстандын саясий аренасында жакында эле пайда болду.
«Партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга үлгүрдү. Жыйынтыгында азыр 11 шаардагы кеңештерде биздин өкүлдөрүбүз иштеп жатышат.
Съездде бир катар спикерлер адамдык капитал, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору тууралуу сөз сүйлөштү. Партия өз идеяларын «Ынтымак» манифестине топтоп, аны делегаттар бекитишти.
Съезд ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесин да бекитти. Анда Марлен Маматалиев менен Талант Мамытовдон сырткары бир топ белгилүү ысымдар бар. Алсак, Чыңгыз Макешов, Адинай Марипова, Бакыт Тентишев, Гульнара Ташибекова, Алмамбет Шыкмаматов, Нурболот Мирзахмедов, Жаркынбек Касымбеков, Балбак Түлөбаев, Эрулан Кокулов, Лейла Лурова, Вероника Исаева, Канат Мидин уулу жана башкалар», — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, үгүт иштери 29-октябрда башталып, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.