Шайлоо: Марипов, Салымбеков жана Тыналиев депутат болушу мүмкүн

Шайлоо: Марипов, Салымбеков жана Тыналиев депутат болушу мүмкүн

Кыргызстанда 30-июнда Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдарында Жогорку Кеңешке шайлоо болуп өттү. Адаттагыдай эле шайлоого катышкандардын саны аз болду.

БШКнын маалыматы боюнча, бул үч аймак боюнча жалпы шайлоочулардын саны 311 миң 363 болсо, алардын ичинен 63 миң 842 жаран гана добуш берди.

Оштун Ноокат округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 25 миң 611и (28,13%ы) добуш берди. Автоматтык эсептөөчү үкөктөрдөн алынган маалымат боюнча, Бакытбек Марипов 11 миң 596 добуш алып, алдыга чыкты. Башка округдарга караганда Ноокатта шайлоого катышкандар көп болду.

Бишкектин Сверлов району 16 миң 424 гана жаран (13,36%ы) добуш берди. Бирок райондо 122 миң 975 шайлоочу бар. Алдын ала эсептөө боюнча, бул округда Жумабек Салымбеков 10 миң 623 добушка ээ болуп, биринчи орунда турат.

Ысык-Көл округунда 97 миң 331 шайлоочунун 21 миң 807си (22,4%ы) добуш берди. Автоматтык эсептөөчү үкөктөрдөн алынган маалымат боюнча, Айжигит Тыналиев 3 миң 498 добуш алып, башка талапкерлерди артта калтырды.

Белгилей кетсек, учурда автоматтык эсептөө үкөктөрүнөн алынган маалыматтын жыйынтыктары жарыяланды. Ал алдын ала маалымат болуп эсептелет. Эми добушканадагы комиссиялар шайлоо бюллетендерин кол менен эсептеп чыгат. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 14-июлга чейин жарыяланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>