«Cool Bros» компаниясынын көйгөйү чечилди. Ишке президент кийлигиштиАлыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулуудаБаткен жана Фергана облустары соода-экономикалык, илимий-техникалык тармактарда кызматташатБишкекте эркек киши балдарга ийне салынган момпосуйларды тараткан деп шектелип кармалды1-апрелге карата аба ырайыБишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырды
Шайлоого “Ата Мекенди” Текебаев жетектеп барат
09.10.2021 | 15:48
Парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясын Өмүрбек Текебаев өзү жетектей турган болду. Бул маалымат бүгүнкү партиянын 14-съездинде белгилүү болду.
Съездде тизменин башкы бешилтиги белгилүү болду.
1. Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” партиясынын лидери,
2. Клара Сооронкулова “Реформа” партиясынын лидери,
3.Тилек Токтогазиев “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү,
4. Али Токтакунов журналист,
5. Наталья Никитенко “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү.
Буга чейин “Ата Мекен” менен “Реформа” партиялары “Эгемен” атуу коалиция түзгөнүн билдиришкен болчу. Бул саясий топко “Туран”, “Ак калпак”, “Эгемен Кыргызстан”, “Каныкей” коомдук кыймылы кошулган эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат