Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Осло-2021: Жоламан Шаршенбеков күмүш байгеге ээ болду
09.10.2021 | 23:03
Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков финалдык беттеште алтынды молдовалык Виктор Чобану га тарттырып жиберип, күмүш байгеге татыды.
Ал 60 килограмм салмакта грек-рим күрөшү боюнча ат салышты.
9:3 эсеп менен оюн аяктады.
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн алгачкы медаль болду.
Жоламан Шаршенбеков “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарында так ушул балбанга чейрек финалда жеңилип калган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт