Шакиев сөз эркиндиги жөнүндө: Өтө эркин, каалаганын айткан өлкө болуп кеттик (видео)

Шакиев сөз эркиндиги жөнүндө: Өтө эркин, каалаганын айткан өлкө болуп кеттик (видео)

Кыргызстанда сөз эркиндиги, журналисттер кысымга алынган жок, биз өтө эркин, каалаганын айткан өлкө болуп кеттик. Бул тууралуу төрага Нурлан Шакиев Жогорку Кеңеште журналисттердин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.

Шакиев «сөз эркиндигине, журналисттерге кысым көбөйдү» деген сөздөр менен макул эмес экенин айтып, Улуу Британиянын парламентинде көргөндөрүн айтып берди. Ал билдиргендей, Британиянын парламентинде журналисттерге телефонго тартууга, депутаттардан интервью алууга мүмкүн эмес, өтө кыйын.

Ал Кыргызстанда журналисттер каалаган депутатынан суроосуна жооп ала аларын, кыргыз парламенти ачык экенин жана муну баалай билүү керектигин кеп кылды.

«Бизде баары ачык. Ар бир депутаттын оюн уга аласыздар. Бүтүндөй дүйнөгө «силер мындай-тигиндей кылып жатасыңар» деген Европадагы парламенттик өлкөдө депутаттардан интервью алуу мүмкүн эмес. Ушуну билип, баркташыбыз керек. Жоопкерчииликсиз менен мамлекеттин ички жана сырткы коопсуздугуна доо кетирип сүйлөп, жазгандарды жоопкерчиликке чакырып коюуну кысым катары кабыл албаш керек. Аны жоопкерчиликти сездирүү катары түшүнүү зарыл. Тилкекке каршы каалаганын айтып, каалаганын жазып, аябай эркин болуп кеттик», — дейт Шакиев.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкөдө иликтөө жасаган журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон учурлар болууда. Жакында эле, «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталган 11 журналистке өкүм чыкты. Алардын ичинен экөө 5 жана 6 жылга абакка кесилди. Дагы экөө 5 жылга эркинен ажыратылып, бирок пробация менен абактан бошотулду. Калган сегизи акталды. Аталган 11 журналист тең мурда-кийин Temirov Live’да иштеп, бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөө чыгарып келишкен.

Соттун чечимин бир катар эл аралык уюмдар сындап, сөз эркиндигине кысым жасоо катары баалаган.

Эл аралык уюмдардын сөз эркиндиги боюнча рейтингинде да Кырызстан өз ордун жогото баштады.

Сот бийликти сындап жүргөн 11 журналистке өкүм чыгарды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>