Шамил Асымбеков “Кыргыз почтасынын” жетекчилигинен кетти

Шамил Асымбеков “Кыргыз почтасынын” жетекчилигинен кетти

Шамил Асымбеков “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен кетти.  Бул  маалыматты reporter.kg’ге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ага ылайык, Шамил Асымбеков кызматынан өткөн жумада кеткен. Маалымат кызматы Асымбеков кызматтан бошотулганын гана тастыкташып,  эмне себептен кеткенин айтышкан жок. 

Белгилей кетсек, Шамил Асымбеков “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп кышында дайындалган. 

Ага чейин “Бажагейт” окуясынан улам Өкмөттүк аппараттын жетекчилигинен кеткен эле.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>