Шаршенбеков Олимпиададагы башкы атаандаштары менен жарым финалда жана финалда кезигиши мүмкүн

Шаршенбеков Олимпиададагы башкы атаандаштары менен жарым финалда жана финалда кезигиши мүмкүн

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Париждеги Олимпиада оюндарында башкы атаандаштары менен жарым финалда жана финалда кезигиши мүмкүн.

Белгилүү болгондой, Дүйнөлүк күрөш уюму спортчулардын мелдештерде көрсөткөн жыйынтыгына карап, ар бир салмак боюнча рейтинг түзүп келет. Ал спортчулар чемпионаттарга же Олимпиада оюндарына катышып жатканда эске алынат.

Олимпиада боюнча мисал келтирсек, негизинен ага ар бир салмактан 16 спортчудан катышат. Алардын ичинен рейтинг боюнча өз салмагында алдыда турган 8 спортчу тандап алынап, эки топко (өйдөңкү жана ылдыйкы торчого) бөлүнөт. Бул нерсе күчтүү спортчулар бир топко түшүп калбашы же эки күчтүү балбан алгачкы беттешинде эле бирин-бирине туш келип калбашы үчүн жасалат. Белгилей кетсек, «тандалма» 8 спортчунун биринчи атаандаштары чучкулак тартылгандан кийин аныкталат.

Жоламан Шаршенбеков тууралуу сөз кылсак, ал Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 1-орунда турат. Мындан улам ал Олимпиадага №1 балбан катары барат.

Рейтинг боюнча тандалып алынган 8 балбан (60 кг).

  1. Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан)
  2. Лигуо Сао (Кытай)
  3. Виктор Чобану (Молдова)
  4. Кеничиро Фумита (Япония)
  5. Мехди Мохсен Нежад (Иран)
  6. Исломжон Бахромов (Өзбекстан)
  7. Райбер Родригез Орозчо (Венесуэла)
  8. Резван Арнаут (Румыния). Бул спортчуга россиялык балбандын жолдомосу берилди. Белгилүү болгондой, россиялык балбандар Олимпиадага катышуудан баш тарткан.

Бул сегиз балбандын ичинен Шаршенбеков (№1), Фумита (№4), Мохсен (№5) жана Арнаут (№8) өйдөңкү топко, ал эми Сао (№2), Чобану (№3), Бахромов (№6) жана Родригез (№7) ылдыйкы топко жайгашат. Натыйжада эки топтун жеңүүчүлөрү финалда гана кезиге алат. Ал эми жарым финалга чейинки беттештер бир топтун ичинде гана өтөт.

Маселен торчо боюнча Шаршенбеков Олимпиадада башкы атаандаштары делген Кеничиро Фумита менен жарым финалда, ал эми Виктор Чобану менен финалда гана беттеше алат. Албетте аты аталган спортчулар ага чейин башка атаандаштарын утушу керек.

Сүрөт: prosports_kyrgyzstan

Олимпиада: Шаршенбековдун бардык атаандаштары белгилүү болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>