Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Шаршенбековдун машыктыруучусу «Даңк» медалы менен сыйланды
23.12.2024 | 12:43
Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов «Даңк» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Хаким Махмудовго «Даңк» медалы дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы үчүн берилген.
Эскерте кетсек, Хаким Махмудов машыктырган балбан Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана эки жолу күмүш байгесинин ээси болгон, Азиянын үч жолку чемпиону жана эки ирет күмүш уткан, Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом