Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Шашылыңыз! Эртең биринчи тур менен ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун акыркы күнү
09.07.2019 | 16:59
Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру эртең, 10-июлда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
11-июль күнү саат 10:00гө чейин окуу жайга кабыл алынгандардын тизмеси илинет.
Экинчи тур 15-17-июлда өтсө, бош орундарга үчүнчү тур Билим берүү министрлигинин чечими менен 22-24-июлга белгиленет.
Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер үчүн жаңы сайтты ишке киргизди. Ал жерден каалочулар окуу жайлар тууралуу маалыматарды ала алышат.
Жогорку окуу жайларына абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Эң төмөнкү балл 110 болсо, предметтер боюнча 60 баллды түзөт.
Өлкө боюнча быйыл 11-классты 65 миң, ал эми 9-классты 96 миң окуучу аяктады.
Рубрики: Жаңылыктар