Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Сузакта 11 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти
09.07.2019 | 13:41
Жалал-Абадда 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Облустук милициядан билдиришкендей, окуя Cузак районунун Каңды айылында 8-июль күнү болгон.
Баланын өлүгүн кылмышкерлер өз үйүнүн короосуна колу-буту скотч менен байланган
абалда таштап кетишкен. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери “сенден балаң аркылуу өч алдым” деп жазылган катты табышкан.
Ал эми маркумдун эжеси үйдөн хиджаб жамынган адамдын чыгып баратканы тууралуу көрсөтмө берген.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине “адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Рубрики: Окуялар