Шашылыш билдирүү: аба ырайы кескин өзгөрөт

Шашылыш билдирүү: аба ырайы кескин өзгөрөт

4-5-ноябрларда аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланышы күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы жана бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

5-6-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн  0…5°,  күндүз 7…12°;

Тоо этектеринде  түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7°;

 Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1 сууктан…+4°;

Тоолуу райондордо  түнкүсүн  -4…-9°, күндүз 0…-5°;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>