Ашууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди
Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта аба ырайы кескин өзгөрөт
22.09.2025 | 15:10

Кыргызгидромет өлкө боюнча аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу шашылыш эскертүү берди.
Маалыматка ылайык, 23-24-сентябрда республика аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден болуп, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Адистер белгилегендей, мындай аба ырайы:
- автоунаа каттамдарына тоскоолдук жаратышы,
- энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине таасир этиши,
- жайыттарда мал кармоону кыйындатышы мүмкүн.
Кыргызгидромет жарандарды жана айдоочуларды абайлап жүрүүгө чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом