Жогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздү
Шашылыш билдирүү: 28-29-мартта жаан карга айланып, үшүк жүрөт
27.03.2025 | 14:52
28-29-мартта өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланат.
Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл көлүндө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
28-30-март күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2°ка чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом