Кыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жандандыОш шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулат
Ат-Башыда болгон катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти
27.03.2025 | 14:26
Бүгүн, 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал болуп, турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, катуу шамал Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын жана сарайлардын, ошондой эле Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.
ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар